• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кызыл килемден өтүп. Эртең спорт тармагындагы мыктылар сыйланат

30 Жетинин айы 202111:36 Бишкек Govori.TV

Эртең, 1-декабрда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында SPORTS AWARDS — 2021 “Жылдын мыкты спортчулары” сыйланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чара дүйнөнү дүңгүрөткөн кыргыз спортчуларынын кызыл килемден өтүүсү менен башталып, салтанаттуу азем менен коштолот.

SPORTS AWARDS – 2021 сыйлыгы спорт жана дене-тарбия тармагында кесипкөйлүк ишмердүүлүгүндө зор ийгиликтерге жетишкен жана спорттун өнүгүшү менен жайылышына маанилүү салым кошкон спортчуларга тапшырылып келет.

Быйыл сыйлык тапшыруу аземи 7-ирет уюштурулуп, Topsport.kg сайты, КР Маданият министрлиги жана Улуттук олимпиадалык комитети менен өнөктөштүктө иш алып барууда.

Количество просмотров: 124