• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Өлкөнүн түштүгүндөгү жер көчкү кооптуулугу жогору аймактардын картасы түзүлөт 

22 Бугу 2023 9:09 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын түштүгүндөгү жер көчкү кооптуулугу жогору аймактардын картасы түзүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактарындагы (Өзгөн, Алай жана Сузак райондордо) кооптуу болгон жер көчкү участкаларында мобилдүү мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо борборунда, инструменталдык (учкучсуз учуучу жабдык жана GNSS шайманы аркылуу) изилдөөлөр аткарылды.

Изилдөө мониторинг жүргүзүүнүн жаңы ыкмаларынын жардамында, божомолдоонун тактыгы жогорулоодо. Жыйынтыгында жер көчкүлөрдүн учурдагы абалы жана кооптуу аймакта жашоолорун улантып келе жаткан жарандар боюнча маалыматтар такталып, эскертүү менен түшүндүрүү иш чаралары жүргүзүлүп, жергиликтүү бийлик органдарына тиешелүү сунуштар берилүүдө.

Белгиленгендей, иш-чаранын жыйынтыгында ГИС программасынын жардамында кооптуу аймактардын картасы түзүлөт.

Количество просмотров: 53