• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Лунара Мамытова мугалимдер айына 100 миңден ашык акча табаарын айтты

12 Аяк оона 2019 18:41 Бишкек Govori.TV

Социалдык өнүгүү министринин мурунку орун басары Лунара Мамытова мугалимдер айына 100 миңден ашык акча табаарын айтып чыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн твиттер баракчасына бөлүшүп, болжолдуу эсептөөсүн жазган.

«Мага бул жакта башталгыч класстарда эки классы бар мугалимдин болжолдуу кирешесин эсептеп беришти. Кошумча сабактарды күндө өтөт, ар бирөөнөн 300 сомдон. Орточо эсеп менен 20 окуучунуку бир күндө 6000 сом. Бул айлык жашоо минимумунан көп»,-деп жазган.

Лунара Мамытова считает, что в Бишкеке учитель зарабатывает более 100 тысяч

Ал эми бул тууралуу катталуучулар сөз кылып, эгер Мамытованын сөзүнө ишене турган болсо мугалимдер бир айда 140 миңден ашык акча тап калаарын жазышты.

Эске салсак, Лунара Мамытова буга чейин пенсионерлердин акчасын чогултуп, чет жакка чыгып эс алса болот деген пикиринен улам коомчулуктун талкуусуна алынган эле.

Мындан соң Мамытова кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.

Количество просмотров: 75