• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мөөнөтү өтүп кеткен паспорттор 2020-жылдын аягына чейин жарактуу болот

21 Бугу 2020 13:27 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 1-январынан 30-декабрга чейин мөөнөтү өтүп кеткен паспорттордун жана чет элдик жарандардын, жарандыгы жок жактардын каттоо мөөнөтү убактылуу узартылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штаб билдирди.

Кыргыз Республикасынын жарандарын, чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок жактардын мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо максатында, ошондой эле калктын саламаттыгын сактоо, республиканын аймагына коронавирус инфекциясынын жайылышын болтурбоо жана киргизилишин алдын алуу боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу үчүн 2020-жылдын 19-майынан баштап өкмөттүн токтому менен төмөнкү документтердин жарактуу мөөнөтүн убактылуу узартууга уруксат берилди:

— жарактуу мөөнөтү 2020-жылдын 1-январынан 30-декабрына чейинки мезгилде өтүп кеткен, 2004-жылкы үлгүдөгү Кыргызстандын жаранынын паспорту (эски үлгүдөгү ID-карта) жана чет жакта жүргөн жарандар үчүн 2006-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт 2020-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу деп табылат;

— Кыргызстандын аймагында каттоо мөөнөтүн узартууну каалаган чет элдик жарандар жана жарандыгы жок жактар өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал режимдери алынган күндөн тартын 10 иш күнүнүн ичинде каттоосун узартышы зарыл;

— Билим берүү жана илим министрлигине бүтүрүүчүлөрдө ID-картасы жок болгон учурда орто (толук) билим берүү тууралуу күбөлүктөрүн жана аттестаттарын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүнүн негизинде берүүнү камсыздоо боюнча чараларды кабыл алуу тапшырылды.

«Кыргыз Республикасынын аймагында азыр дагы өзгөчө кырдаал режими жана айрым жерлерде карантиндик режим күчүндө турат. Буга байланыштуу COVID-19 вирусунун жайылуу тобокелчиликтерин минималдаштыруу жана Калкыт тейлөө борборлорунда, паспорттук бөлүмдөрдө адамдардын топтолушун болтурбоо максатында жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен паспортторду жана чет элдик жарандарды жана жарандыгы жок жактарды каттоону узартуу чечими кабыл алынды. Мында каттоонун мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн айыптар көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин чегерилбейт», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 86