• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Өмүрбек Бакиров: Ташиев кечирим сурабаса кудайга койдум

23 Жетинин айы 2022 13:17 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров журналисттердин суроолоруна жооп берип, өткөн аптада орун алган чуулгандуу окуяларга байланыштуу комментарий берди.

Бакировдун айтымында, учурда ага иш бөлмө бериле элек.

«Өткөн аптадагы жума күнү президенттин иш башкармалыгынын башчысынын жардамчысы бизге кат менен кайрылыптыр. Анда иш бөлмөнү бошотуп коюу өтүнүчү айтылган. Учурда башка кабинет бериле элек»,-деди Бакиров.

Ошондой эле депутат кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышкандан кийин кайсы бир деңгээлде кысым болуп жатканын айтты.

«Негизи мамлекеттин чек арасы чечилип жаткан учурдан пайдаланып, өзүмө упай топтоодон алысмын, мындай пиар мага керек эмес. Бул жагдайдын айланасында суроолор көп болгондуктан жооп берүүгө туура келди. Ал эми иш бөлмөмдөн чыгарылышым боюнча УКМК жетекчиси Камчыбек Кыдыршаевичтин маалыматы деле болбосо керек. Балким ага жакшы көрүнүш үчүн башкалар жасап жаткандыр. Мандат маселеси боюнча социалдык тармактарда мени каралоо иретинде айтылган дооматтар жалган. Эгер мен добуш сатып алган болсом, анда мага депутаттык мандат берилбейт эле да. Ошол кезде Борбордук шайлоо комиссиясына менин үстүмдөн арыздар түшкөн. Жыйынтыгында, менин добуш сатып алууга эч кандай тиешем жок экендиги аныкталган. Ар бир мамлекеттик кызматкер этика менен элди сыйлашы керек. Трибунадагы сөзү туура эмес көрүнүш болуп калды, бул мага өтө катуу тийди. Баарыбызды эне төрөгөн. Ташиев кечирим сурабаса кудайга койдум»,-деди Бакиров.

Эске салсак, 17-ноябрда эл өкүлү Өмүрбек Бакиров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышкан. Ташиевге болушуп депутат Фархат Исмаилов кесиптеши менен мушташып кете жаздаган. Эртеси Президенттин иш башкармалыгынын кызматкерлери уруксаты жок ачып кирип, буюмдарын чыгарып салышкан. Ошондой эле депутатка кат жолдошкон.

Парламенттин бүгүнкү жыйынында Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары кесиптешти Өмүрбек Бакировдун кабинетинен чыгарылышын сындап, эл өкүлүнүн макамын тебелөө катары сыпатташты.

Количество просмотров: 3156