• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

 Өмүрбек Текебаев мындан ары оорукананын неврология бөлүмүнөн даарыланат

25 Баш оона 2018 23:44 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 25.08.2018. Govori.TV

“Ата Мекен” партиясынын  лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев дарылануусун оорукананын неврология бөлүмүндө улантат.

Дарыгерлердин 25-августтагы атайын жыйынынын тыянагы менен ушундай чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Текебаевдин партиялашы, Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Текебаев №47 абактан Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна 31-июлда которулган.  Мындан кийинки дарылануусу да ошол оорукананын неврология бөлүмүндө уланмакчы, бирок ал жерде канчага чейин жатары белгисиз.

А. Шыкмаматовдун айтуусу боюнча — «Текебаев 2009-жылы жүлүнүнөн операция болгон. Ошол себептен неврологияга которулду. Өзүнүн абалы жакшы. Көрүшүп, сүйлөшүп чыктым», —деп кошумчалады партиялашы.
«Мындан ары Текебаев менен жолугуп турууга жубайына дагы уруксат берилди. Буга чейин депутаттар эле көрүшүп атканын»,- билдирди Шыкмаматов

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Текебаев күрөө тамырдын, жүрөк тамырларынын атеросклерозу, экстрасистоликалык аритмия, 2-даражадагы кооптуулугу жогору гипертония, түйүндүк богок, эутериоз менен жабыркай тургандыгын жарыялаган.

Учурда ал атайын сакчылардын кайтаруусунда дарыланууда.

Количество просмотров: 43