Өмүрбек Текебаевди камерада кайрадан ким аңдып баштады?
Өмүрбек Текебаевди камерада кайрадан ким аңдып баштады?
26 Чын куран 2018 18:33 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.04.2018. Govori.TV.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутатыӨмүрбек Текебаев отурган камерага кайрадан видеокөзөмөл орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
«Камерада жалгыз отургандыгына байланыштуу, ал кишинин коопсуздугу үчүн, өзүнүн макулдугу менен видеобайкоо коюлду»,- деп айтылат маалыматта.
Бирок саясатчынын жактоочулары кайрадан видеобайкоону Текебаевдин макулдугусуз коюшту деп билдиришет.
Видеокөзөмөл мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен 11-апрелде алып салынган эле. Жогорку Кеңештин жыйынында аталган кызматтын төрагасынын орун басары Жоробек Дүйшөмбиев Текебаев отурган камеранын ичиндеги видеобайкоо алынганын айткан.