• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Өмүрбек Текебаевдин саламаттыгы боюнча ЖАМК билдирүү таратты

7 Баш оона 2018 18:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 07.08.2018.Govori.TV.
Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин саламаттыгына байланыштуу дарыгерлер койгон диагнозун Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы жарыялады.
Маалыматта, Өмүрбек Текебаев күрөө тамырдын, жүрөк тамырларынын атеросклерозу, карынча үстүндөгү экстрасистоликалык аритмия, 2-даражадагы кооптуулугу жогору гипертония, түйүндүк богок, эутериоз менен жабыркайт.
Текебаев №47 абактан Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна 31-июлда которулган. Бейтапканадан качан чыгары азырынча белгисиз.
Количество просмотров: 34