• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Өмүрбек Текебаевге кол салуу болгону айтылды

1 Бештин айы 2021 16:09 Бишкек Govori.TV

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болуп, анын телефонун белгисиз бирөөлөр алып кетишкен. Бул тууралуу аталган партиянын өкүлү Динар Турдугулова өзүнүн фейсбук баракчасына жазып чыкты.

«Жаңы эле Текебаевге кол салуу болду. Парк Отелде отурган жеринде 3 бусик менен 100дөй киши келип кол салып, телефонун, очкисин алып кетишти», — деп жазган ал.

Буга чейин социалдык тармактарда Парк-отель менен»Консул» ресторанынын айланасында белгисиз адамдар топтолуп жаткандыгы тууралуу маалыматтар тараган.

ИИМ бул тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Количество просмотров: 1659