• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Өмүрбекова: Ноокаттык 3 бейтап аял Кувейттен учуп келген

20 Жалган куран 2020 12:40 Бишкек Govori.TV

Ноокат районунда коронавирус дарты аныкталган 3 бейтап аял кичи ажылык сапардан кийин Кувейттен Ош шаары аркылуу учуп келишкен. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова парламенттеги көпчүлүк коалиция өкмөттүн 2019-жылдагы отчетун угуп жаткан жыйында билдирди.

Ош облусунун Ноокат районунда коронавируска чалдыккан 3 аял — 67, 71 жана 77 жашта. Алар изоляцияга алынып, тиешелүү дарылануу алып жатат.

Белгилей кетсек, 20-мартта коронавируска байланыштуу Ноокатта өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди. Сузакта 18-марттан бери өзгөчө кырдаладар режими, Благовешенка, Орто-Азия, Бостон айылдарында карантин бар.

Количество просмотров: 527