• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Үмүт жана Ко» ишканасынын ээси курал сактоого шек саналып кармалды

19 Баш оона 2022 12:18 Бишкек Govori.TV

«Үмүт жана Ко» ЖЧКсынын тең ээлеринин бири А.Ж.Т аттуу 1970-жылкы жаран ок атуучу курал-жарак, ок-даары жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматта айтылгандай, анын үйүн жана иштеген жерин тинтүүдө «БРДМ-2» үлгүсүндөгү аскер техникасы, танканын үстүнө орнотулган «Калашников» үлгүсүндөгү пулемет баштаган бир топ курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат алынган.

«Шектүү күнүмдүк турмушта аскердик форма (камуфляж) кийип жүрөт. Ал ар кандай агрессиянын түрүнө жакын болгондуктан жогорудагы курал-жарактарды алууга жана мыйзамсыз сактоого түрткөн», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Учурда бул фактыга байлыныштуу кылмыш иши козголуп, тергеп-иликтөө уланып жатат.

Белгилей кетсек, «Үмүт жана Ко» ЖЧКсынын тең кожоюну Журат Абдуллаев болуп саналат.

Количество просмотров: 148