• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Маданият министрлиги өз дарегине айтылган сындоодон кабардар эмес

27 Баш оона 2018 15:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 27.08.2018. Govori.TV

КР нын маданият министрлигинин  Корея элчиси Кылычбек Султановдун сындоосунан кабары жок. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык министрлик азыр III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кызуу даярдыктар менен алек болуп жатып, бул сындоону байкабай калганын айтты.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Кореядагы элчиси Кылычбек Султанов маданият министрлигин сындап, ал тууралуу фейсбук баракчасына жазган.

“Маданият министри ооруп жатыптыр, ордунда СЕКИМОВ деген неме экен. Секимов, сенсиребей сүйлөгөндү үйрөнүп алыңыз, бешигимди терметкен эмессиз! Мен Кыргыз Республикасынын туризм тармагын Корея Республикасына жарнамалоо үчүн силерден брошюра, плакат сыяктуу маалыматтарды сурап кайрылдым сизге. Мекенибиздин туризм тармагын даңазалоо боюнча каттарыбызга 1 да жолу жарытылуу жооп жазбаганыңар аз келгенсип, тигиге телефон чал, буга телефон чал дейсиз. Тармактын жетекчиси катары эң биринчи бул сиздин милдетиңиз”,-деп жазат Султанов.

Анын айтымында, ар бир элчилике англис тилиндеги сапаттуу плакаттарды, брошюраларды, открыткаларды, сувенирлерди, видеороликтерди маданият министрлиги камсыз кылыш керек.

Количество просмотров: 16