• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

“Мадина” базарынын 1500 чарчы метр аянты күйүп кетти

15 Аяк оона 2018 14:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.09.2018. Govori.TV

Бишкек шаарындагы «Мадина» базарындагы өрт 1500 чарчы метр аянтты жалмап кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Эскерте кетсек, 14-сентябрь күнү түн ичинде аталган базардан өрт чыгып, алты өрт өчүрүүчү бригада иштеген.
«Кырсык тууралуу маалымат ӨКМге саат 22.53тө түшкөн. Тартылган күчтүн жардамы менен жалын саат 4.07де чектөөгө алынып, жайылуу кооптуулугу жоюлган. Алдын ала билдирүүгө ылайык, базардын кездеме сакталган кампасы күйгөн. Жалпы жонунан 1500 чарчы метр жер өрттөндү. Жабыркагандар болгон жок», — деп айтылат таратылган кабарда.
Ушу тапта өрттү толугу менен өчүрүү аракеттери жүрүп жатат. Өрттүн себеби менен материалдык чыгым эсептелүүдө.
Министрлик окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөрдөн тышкары Өзгөчө кырдаалды жөнгө салуу борборунун ыкчам тобу, өрт өчүрүү боюнча штаб, милиция кызматкерлери, тез жардам кызматы иштегенин кошумчалады.
Количество просмотров: 24