• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мадумаров Бабанов тууралуу: «Кийинки бара турган жолуна эшик калтырып койгон саясатчылардан тажаган жокпузбу?»

22 Чын куран 2019 15:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.04.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 22-апрелде саясатчы Адахан Мадумаров маалымат жыйын берип журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анда Мадумаров келем деп жар салып келбей калган Ө. Бабанов жөнүндө өз пикирин айтты.


«Негизи Бабановдун келээрине көп ишене берген эмесмин. Муну эки тараптуу караш керек. Мен инсан катары айтайын, «мен акмын» деп атат, кел да далилде. Анан менен ишеним артам, мен үмүт кылам, барсам баары мыйзам чегинде каралышы мүмкун. Биз саясий сооданы токтотушубуз керек. Баардыгын ачык айтышыбыз керек. Келбей калышы бул демек Кыргызстанда мыйзам иштебейт деген сөз. Эгер мыйзам иштейт дегенге толук кандуу ишене турган болсоң келип өзүндүн актыгыңды далилдешиң керек»,- деди Мадумаров.

Саясатчы буга кошумчалай Өмүрбек Бабанов тууралуу ал жагын же бул жагын каралап айта албасын, аны айта турган тийиштүү органдар бар экенин айтып өттү.

Эске салсак, президенттик шайлоодон утулуп калган саясатчы Өмүрбек Бабанов Кыргызстандан чыгып кеткенинен 1,5 жыл өткөн соң мекенине кайтып келээрин жар салган. 13-апрелге Москва-Бишкек каттамына алынган авиабилетин көрсөткөн. Бирок, келбей калган.

Количество просмотров: 5