• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Мадумаров: Бакиевдердин таасири ушунчалык калган болсо демек элге эмгеги сиңген экен да

4 Аяк оона 202013:05 Бишкек Govori.TV

 “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров бүгүн уюштурулган маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анда кабарчылардын бири “Эл арасында сизди Каркыра жайлоосун сатып жибергенге тийешеси бар деп жүрүшөт ушунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?”,- деген суроо узатты.

 “Мен жооп бергенде он жаштагы жигит кыздар жыйырмага чыгып  келип алып ушинтип суроо бере беришет экен. Тарыхты окуш керек. Мына Турсунбай Бакир уулунун бир арызы менен Борбордук шайлоо комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан” партиясын шайлоодон четтетип жатпайбы. Эгер Мадумаров кыргыздын сыймыгы болгон  жайлоону сатып жиберген болсо соттобойбу тезек терип жүрөбү. Өзүңөр ойлонбойсуңарбы, 11 жыл мурун кеткен Бакиевди айта берсеңер эмне силердин оозуңарга бал тамып жатабы. Эгер Бакиевдердин таасири ушунчалык калган болсо демек элге эмгеги сиңген экен да. Баардык нерсени тарых баалап өз ордуна коет, менин да, сенин да баа бергенге укугубуз жок, баарына тарых өз баасын берет”, деп жооп берди Мадумаров.

Кечээ, 3-сентябрда БШК «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тарткан. БШК партия тарабынан талапкерлерди көрсөтүү тартиби бузулган деген чечим чыгарган.

Ошондой эле 2-сентябрда БШК Турсунбай Бакир уулуна «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесине байланышкан маселе боюнча сотко кайрылууну сунуштаган. Турсунбай Бакир уулу курултайдан кийин партиядагы талапкерлердин тизмеси өзгөргөнүн айтып арызданган болчу.

Количество просмотров: 545