• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Мадумаров бийликке кайрылды: Колуңардан келбейби кызматты бошоткула да, кеткиле!

17 Аяк оона 2019 18:49 Бишкек Govori.TV

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек арасында адам өмүрүн алган акыркы окуялар боюнча видео кайрылуу жасап, ал үчүн бийлик колунан иш келген адамдарды кызматка коюшу керек экенин кошумчалады.

Биз бардык маселени чечтик. Жеринде кол койдук» деп калпагыбызды көккө ыргытып, аш-тойлорду өткөрүп, «кылымдар бою чечилбеген маселени эки мамлекеттин жетекчиси чечип койду» деп сайрагандар бүгүн кайда? Ал маселелер чечилбей келген жана чечилиши да кыйын. Колуңардан келбесе колунан келе турган, маселени чече ала турган, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын коргой ала турган, көкүрөгүн тосо турган азаматтарга орун бошоткула. Колуңардан келбесе уялбай эле айткыла. Облустук, райондук деңгээлде болосуңбу, «колумдан келбей калды. Келечекте каргыштан коркуп жатам. Мени бошотуп койгула» деп айт. Тырмышып отурбагыла. Бул республикалык деңгээлдеги жетекчилерге да тиешеси бар, -деди Мадумаров.

Количество просмотров: 2359