• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мадумаров: Элдин канын какшатып бүттүңөр

1 Кулжа 2022 11:27 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогоку кеңештин жалпы жыйынында сөз сүйлөгөн депутат Адахан Мадумаров, дыйкандардын маселесин көтөрдү.

Анын айтымында Лейлек районундагы Кулунду айылындагы өткөрмөдө жер семирткич бүтүндөй буулуп калган.

«Биз быйыл канчалык дыйкандарды эзип жатканыбызды билбей жатабыз. Кулунду айылындагы көзөмөл өткөрүү бекети боюнча кайра-кайра кайрылуу келип жатат. Бул посттор тойбой койду. Губернатор «бүгүн чекит коем» деп жазып жатат. 24-майдан бери ушул абал болуп жататканы айтылды. Дыйкандарды какшатып бүттүңөр го, садагалар! Эми бул жерден айта бериштин кереги жок болуп калды. Мен сиздерден талап кылам. Бүгүндөн калбай Айыл чарба министрин, УКМК, Бажы кызматын чакырып ушул жерден чекит коюш керек!»,-деди ал.

Ошондой эле Өзгөн районундагы Кемпир-Абад маселесин көтөрөөрүн эскертип жатып, бийликке бир катар сын айтты.

«Мен эскертип коем. Азыр быкшып ичинен бышып келе жатат. Төмөн жактан бышып келе жатат. Бир күнү жарылат. Аз калды. Мен бүт президенттерге ушинтип эскерткенмин. Элдин канын какшатып бүттүнөр. Ким канча кап алаарын айыл өкмөттүн башчысы жалдырап кайрылып жатса дагы «өткөрбөйбүз дегенде өткөрбөйбүз»,-деп турганына кейиди.

Количество просмотров: 1700