• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Мадумаров менен Масалиев суракка чакыртылды

18 Үчтүн айы 202211:08 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров кайрадан Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүнө суракка чакырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Мадумаров кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча кайрадан суракка чакыртылган. Андан сырткары ушул эле маселе боюнча суракка депутат Исхак Масалиев да чакырылганы кошумчаланды.

Эске салсак, Мадумаров 17-январда жана 14-январда дагы дал ушул маселе боюнча сурак берген.

Былтыр октябрда Садыр Жапаров коңшу мамлекет менен чек ара чечилбей жатканынын бир катар себептерин атаган. Ага Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча Мадумаров кол койгон протокол «кедергисин тийгизип жатканын» билдирген.

Количество просмотров: 859