• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мадумаров ооз ачкан жайдан жашыруун тыңшоочу аппарат табылганын билдирди

18 Чын куран 2022 17:53 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров тыңшоого кабылып жатканын айтып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти айыптады. Бүгүн 18-апрелде парламенттин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында УКМКнын ишине байланыштуу мыйзам долбоорлору талкууланып жатканда ал мыйзамсыз тыңшоо үчүн жаза чарасы каралышы керектигин айтты.

“Мен дайым бир жерге барып ооз ачам, мына ошол жерден кондиционерден силердин дагы бир аппаратыңар чыкты. Бул уят эми, маскара… Ошол аппараты менин чөнтөгүмө эле салып бергиле, катуурак сүйлөп берем. Ооз ачкан жерге бирде сөөрүнүн астына, бирде муздаткычка коёсуңар! Кыйналбагылачы садагаларым. Дайым айтамын менин эле чөнтөгүмө салып койгула, 24 саат боюу сүйлөп берем. Ушундай нерселерди кечирип эле жүрө бербестен, ушундай нерселерге катуу жазага тартышы керек. Ким койду ошол жерге, мен эртең маалымат жыйын өткөрүп, баарын көрсөтүп берейин дедим эле… Бул экинчи жолу силердин аппартыңардын кармалышы”— деп кайрылды УКМКнын орун басарына.

Мадумаровго атайын кызматтын төрагасынын биринчи орун басары Рустам Мамасадыков жооп берди.

“Биз сиз менен, деги эле башка адамдар менен мындай шугулданбайбыз. Бизге сиз боюнча ыкчам маалымат кызык эмес. Аны бизден эмес, ресторандын ээсинен, коопсуздук кызматынан сураңыз. Бизге арыз жазыңыз, тактайбыз”, — деди ал.

Мамасадыков атайын кызмат тыңшоону соттун уруксаты менен гана жүргүзөрүн, мыйзамсыз тышоо үчүн жаза чаралары Жазык кодексинде каралганын билдирди.

Количество просмотров: 6576