• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Мадумаровдун ишинде Бекназаров көрсөтмө берди

15 Бирдин айы 2024 15:17 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровдун иши каралууда.

Ишти караган судья Мирбек Сатарбек уулу. Соттук процесске ЖМК өкүлдөрү киргизилген жок.

Маалым болгондой, бүгүнкү отурумда камактагы саясатчы Азимбек Бекназаров күбө катары көрсөтмө берди.

Буга чейин Мадумаровдун жактоочусу Ольга Жукова процессте жалпы 65 күбө сурала турганын билдирген.

Эске салсак, Мадумаров өткөн жылдын 2-сентябрында кармалып, менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган.

Ага кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган.

Мадумаров 2023-жылдын 26-октябрында эртең менен УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилип, кийин кайра абакка которулган.

Количество просмотров: 250