• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Мадумаровдун ишинде күбөлөр көрсөтмө берип бүттү

5 Жалган куран 202417:58 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда оппозициячыл саясатчы Адахан Мадумаровдун соту болуп, күбөлөр көрсөтмө берип бүттү.

Белгилей кетсек, Мадумаровго “алдамчылык” жана “мамлекеттик чыккынчылык” беренелеринин негизинде иш козголгон.

Мадумаровдун жактоочусу Ольга Жукованын айтымында, иш боюнча жалпы 65 күбө көрсөтмө бермек.

Эске салсак, Мадумаров өткөн жылдын 2-сентябрында кармалып, менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган.

Ага кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган.

Мадумаров 26-октябрда эртең менен УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилип, кийин кайра абакка которулган.

Количество просмотров: 131