КТРКда өтүп жаткан партия лидерлеринин теледебатынын 2-октябрдагы айлампасында «Мекенчил», «Замандаш», «Биримдик», «Бүтүн Кыргызстан», «Ооган согушунун ардагерлери» жана «Чоң Казат» партияларынын төрагалары талкууга катышууда.
Анда «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов «Бүтүн Кыргызстандын» лидери Адахан Мадумаровдун буга чейин коронавирус жок дегениң эске салды.
Алып баруучунун коронавирустун «экинчи толкуну болуп калса, калкты даары-дармектер менен камсыздоо, мурунку абалды кайталабоо үчүн кандай кадамдарга барасыздар» деген суроосуна жооп берип жаткан Молдокматов коронавирус тууралуу сөз кылганга дебаттын бир да катышуучусунун моралдык укугу жок экенин айтты.
«Бул жерде тургандардын бирөөсүнүн да коронавирус тууралуу сөз айтканга моралдык укугу жок. Себеби, мына Адахан Кимсанбаевич коронавирусту жок деген, ал эми ал оорудан бир топ адамдар өлдү, Кочкоров силер өкмөттө болдуңар. Ал эми сиздин («Ооган согушунун ардагерлери» партиясынын лидери) чоң фармкомпанияңар болгон», — деди ал.