• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Мады айыл өкмөтүндөгү селден кийинки абал

14 Теке 202423:52 Бишкек Govori.TV

ШТАБдын алдын ала берген маалыматына ылайык Кара-Суу району боюнча селдин кесепетинен төмөндөгүдөй кырдаал түзүлгөн:

Кыргыз-Чек айылында 80 турак үйдү сел каптаган, 10 унаа жабыркаган, 15 үй бүлөө көчүрүлдү. Жеринде 500дөн ашык адам жана 2 оор техника тартылган.

Асан-Чек айылында 82 турак үйдү сел каптаган, анын ичинен 1 үй авариялык абалда, 2 сарайдын дубалдары кулаган. Жеринде 700дөн ашык адам иш алып барууда.

Достук айылында 78 турак үйдү каптаган, анын ичинен 1 үйдүн ашкансы уурап түшкөн, 10 үйдүн жер төлөөсүнө кирген жана 2 жеңил унаа жабыркаган. Жеринде 400дөн ашык адам иш алып барууда.

Мады айылында 60 турак үйдү сел каптаган, 2 оор техника жабыркаган.

Теги:
Количество просмотров: 154