• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Майдан: Журналисттердин камалышы. Басым күчөдүбү? (Түз эфир)

17 Үчтүн айы 2024 16:18 Бишкек Govori.TV

16-январда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына шектүү катары жеткирилген 11 журналист милициянын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды. Алар «Темиров LIVE», «Айт, айт десе» долбоорлорунда иштеген, мурда иштеп кеткен, кызматташкан журналисттер жана активисттер.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде айрым техникалык каражаттарын алып кеткен жана үч кызматкерин суракка алып, кое берген.

Бугүн медиа коомчулуктун өкүлдөрү жыйын куруп, бийликке кайрылуу жасады.

«Журналисттердин камалышы. Басым күчөдүбү?» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:

Эмил Жандаев — Акыйкатчы аппаратынын бөлүм башчысы;

Өмүрбек Сатаев — медиа эксперт;

Нурдин Дүйшөнбеков — “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы.

Количество просмотров: 674