• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Майдан: Атамбаевдин абактан чыгышы мыйзамдуубу же соодалашуубу? (түз эфир)

15 Бирдин айы 2023 16:13 Бишкек Govori.TV

14-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев камактан чыкты. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 14-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарды. Ал эми Жогорку сот «Батукаевдин иши» боюнча Атамбаевге карата чыккан өкүмдү жокко чыгарып, кайра кароо үчүн Биринчи май сотуна жиберген.

Белгилей кетсек, Атамбаев 2019-жылы «Батукаев иши» боюнча камалган. 2020-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотууга буйрук берип, «коррупцияны уюштурууга» айыптуу деп таап, 11 жыл, эки айга кесип, мамлекеттик сыйлыктардан, өзүнө жана үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрүнөн ажыраткан өкүм чыгарган.

Бүгүн «Майдан» дебатында «Атамбаевдин абактан чыгышы мыйзамдуубу же соодалашуубу?» деген теманын тегерегинде сөз болмокчу.

«Майдандын» катышуучулары:

  • Төлөйкан Исмаилова — “Бир Дүйнө” укук коргоо борборунун жетекчиси;
  • Табылды Акеров — Саясат талдоочу, тарых илимдеринин кандидаты;
  • Алмаз Тажыбай — Мамлекеттик саясат талдоо борборунун директору;
  • Айбек Теңизбаев — Саясат талдоочу.
Количество просмотров: 5292