Кыргызстандын дээрлик бардык аймагында электр жарыгы күнүгө 1-2 саатка өчүрүлүп турду. Буга байланыштуу нааразылыктар айтылды.
«Улуттук электр тармагы» мындай чара Токтогул жана Үч-Корган ГЭСтеринде гидроагрегаттарды реконструкциялоо иштери башталганы менен түшүндүрдү.
7-мартта Садыр Жапаров өлкөдө электр энергиясы эң көп керектелген маалдарда аны колдонууга чектөө киргизизилип жатканын билдирди. «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган соңку маегинде муну «келерки күз-кыш мезгилине даярдык көрүү катары түшүнүү керектигин» айтты.
Энергетика министрлиги өлкө боюнча 8-марттан тарта электр энергиясын маал-маалы өчүрүүлөр аяктаганын билдирди.
«Энергетикадагы таңкыстыкты жоюу жолдору кандай?» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:
Атабек Абылгазиев- Энергетика министринин орун басары;
Расул Умбеталиев — энергетика боюнча эксперт;
Эрнест Карыбеков — энергетика боюнча эксперт;
Жолдошбек Доктурбай уулу — Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын башкы директорунун биринчи орун басары.