• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Майдан: Кыргызстан ызгаар суук сыноосунан өтө алабы? (Түз эфир)

12 Үчтүн айы 202315:09 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында 10-11-январдан тарта аба ырайы кескин төмөндөп, кар жаап, жолдор тайгак жана тоңголок. Өлкө синоптиктеринин божомолунда, 12-январда абанын температурасы дагы төмөндөйт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Мындай аномалдуу суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. «Кыргызстан ушул аномалдуу суукка даярбы?» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:

Майдандын катышуучулары:

«Биздин укук» коомдук фондунун жетекчиси Калича Умуралиева;

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын борбордук диспетчердик кызматынын жетекчисинин орун басары- Абдимомунов Чыңгыз Алишерович;

Таалайбек Айткулов — ӨКМдин Ыкчам бөлүмүнүн башчысы, майор;

Бишкек мэриясынын шаар чарба департаментинин директордун орун басары Энназаров Мирлан Арзыкулович.

Модератор: Кайыргуль Урумканова

Количество просмотров: 3567