• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Майдан: “Кыргызстандын аброю. Эл аралык мамиле” (Түз эфир)

29 Тогуздун айы 2020 18:03 Бишкек Govori.TV

Бугункү «Майдан» дебаттарында “Кыргызстандын аброю. Эл аралык мамиле” деген теманын алкагында сөз болмокчу.

Майдандын катышуучуларын тааныштырып өтөлү:
Табылды Акеров — саясат талдоочу;
Максат Чаки — эксперт;
Айданбек Акматов – эксперт;
Эмиль Жороев — эксперт.

Кыргызстандын жаңы бийлигине Өзбекстандан башка эч бир мамлекет азырынча ачык мамиле жасай элек.

Коңшу өлкөлөр ачык айтпаса да биздеги башаламандыктан улам, ички жана тышкы мамилелерди токтото баштады. Бул өлкө үчүн кандай таасирин тийгизет? Бүгүнкү «Майдан» дебаттарында ушул сыңары суроолорго жооп алабыз.

Эске салсак, 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, нааразылык акцияларынан кийин, 9-октябрда Боршайком анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарган. Шайлоо ыплас өткөнүн билдирип чыккандардын митинги башаламандыкка айланып, 6-октябрда өлкөдө бийлик алмашкан. 22-октябрда Жогорку Кеңеште Конституцияны өзгөртүү жана президенттик, парламенттик шайлоолордун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алынган. Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров сөз болуп жаткан конституциялык мыйзамга парламент кабыл алган күнү, 22-октябрда кол койгон.

Количество просмотров: 374