Бишкектеги мектепте чуу чыгып, ага мектеп мугалимдеринен сырткары окуучулар да катышып, колдоруна плакат кармап митингге чыгышкан.
Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгы даттануулардан улам №1 мектеп-интернатынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча комиссия түзүлүп, жыйынтыгында бир нече эреже бузуулар аныкталганын айтты. Мунун айынан директору Нургүл Матканова иштен алынган. Жамаат жаңы дайындалган директордун иштешине каршылыгын билдирип, окуучулар митингке чыгышты.
Бүгүн «Майдан» дебатында «Мектептеги түшпөс мүдүрлөрү. Директорлордун чыры качан токтойт?» деген теманын айланасында сөз болмокчу.
«Майдандын» катышуучулары: