• Бейшемби 7 Бештин айы 2023
  • Четверг 7 Декабрь 2023

Майдан: Орусиядагы мобилизация кыргызстандыктарды дүрбөттү (Түз эфир)

26 сентября 2022 в 16:21 Бишкек Govori.TV

Владимир Путин 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Бул жаңылыктан кийин Орусиядан чыгып кеткен жарандардын саны кескин көбөйгөнү, орус-казак чек арасында узун кезек жаралып, Ташкент менен Бишкектин мейманканаларында бош орун калбай калганы тууралуу маалыматтар айтылып жатат.

Ал эми Орусиянын бардык аймактарында аскерге мобилизациялоого каршы митингдер уланууда. Ошол эле учурда нааразылыкка чыккандарды күч менен басып жатышат. Жекшембиде 800дөй киши кармалганы маалым болду.

Орусия жарандыгын алган кыргызстандыктар да бул жөрөлгөдөн кур калбай турганы анык, мындан улам коомчулукта мобилизациядан кутулу жолу барбы деген суроолор арбыды.

Белгилей кетсек, Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2022-жылдын алты айында эле 10 миңден ашык кыргызстандык орус жарандыгын алган.

«Орусиядагы мобилизация кыргызстандыктарды дүрбөттү» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:

  • Нуржан Жолчубек уулу — Президентке караштуу Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун илимий кызматкери;
  • Айымкан Кулукеева — Тышкы иштер министрлигинин өкүлү;
  • Медер Рахман — ЖК төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеңеш катчылыгынын жетекчиси;
  • Таттуубүбү Эргешбаева — юрист.
Количество просмотров: 634