2021-жылдын 31-августунда эгемендүү Кыргызстан өзүнүн 30 жылдыгын белгиледи. Республиканын Жогорку Кеңеши 1990-жылдын октябрь айында өлкө аталышын Кыргыз ССРинен Кыргызстан Республикасына өзгөртүп, 1990-жылдын 15-декабрында республиканын Эгемендик декларациясын кабыл алып, 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү жарыялаган. Бүгүнкү «Майдан» дебатында «Отуз жылда Кыргызстан эмнеге жетти жана эмне жасалбай калды?» деген теманын алкагында талкуу болот.
«Майдандын» катышуучулары:
Мурдагы премьер-министр Апас Жумагулов;
Саясат талдоочу Айданбек Акматов;
«Бир дүйнө — Кыргызстан» кыймылынын төрайымы Төлөкан Исмаилова;
Жогорку кеңештин мурдагы депутаты Бейшенбек Абдразаков.