Украинадагы кырдаалга байланыштуу Батыш өлкөлөрү Орусияга санкцияларды киргизди. Анын кесепети Кыргызстанга сезиле баштады. Өлкө банктарында АКШ долларынын курсу кескин көтөрүлүп бир доллар 95 сомго чейин чыкты. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды алтын сатып алууга чакырып, мындай механизмдер менен инфляция ооздукталып, каржы базарындагы туруктуулук камсыздалат деп ишендирүүдө. Ал эми Министрлер кабинети баанын көтөрүлүшүн алдын алуу боюнча чаралар көрүлүп жатканын билдирди.
«Россия vs Украина. Жаңжалдын Кыргызстандын экономикасына тийгизген кесепети» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары менен тааныштырып өтөлү: