• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Майдан: Сөз эркиндиги. Аймактык медианын абалы (Түз эфир)

23 Жалган куран 2022 19:15 Бишкек Govori.TV

Акыркы учурларда журналисттерге болгон мамиле бир топ эле сындарды жаратууда. Алсак, буга чейин журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров баңгизатын таратууга, сактоого жана мажбурлоого айыпталган. Көп өтпөй “Кактус Медиада” жарыяланган макала боюнча иш козголуп, кызматкерлери суракка алынса, ал эми Next TVнын директору камалып, телеканалдын эфиринин токтотулду.

А түгүл айрым маалымат каражаттарын жабуу сунушу айтылып, митингдер өтүп, анда кээ бир ЖМК менен журналисттерге “чет элдик агент” макамын берүү сунушталды.

Мындай жагдай сөз эркиндигине карата басым катары бааланып, сөз эркиндиги тууралуу маселени козгоду.

Бүгүнкү «Майдан» дебатында «Сөз эркиндиги. Аймактык медианын абалы» деген теманын алканында сөз болмокчу.

«Майдандын» катышуучулары:

  • Данияр Садиев — Т.Турсуналиев атындагы медиа-мектебинин жетекчиси (Ош);
  • Мамырова Перизат — 4-каналдын башкы редактору (Талас);
  • Бактыкан Ажиматова — ЖТРКнын улук редактору (Жалал-Абад);
  • Аскер Сакыбаева — медиа эксперт.
Количество просмотров: 907