• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Майдан: Сөз эркиндигин ким, кандай түшүнөт?

3 Бугу 2023 18:02 Бишкек Govori.TV

1994-жылдан бери жыл сайын 3-майда Дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү белгиленип келет.

Белгилей кетсек, бүгүн, 3-майда “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму Кыргызстан басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашканын маалымдады. 3-майда жарык көргөн докладда уюм 180 өлкөдөгү журналисттер иштеген шарттарды, абалды анализдеп чыккан. Натыйжада адистер 31 өлкөдө “олуттуу кырдаал”, 42 өлкөдө “кыйын абал”, 55 жерде “көйгөйлүү”, 52синде “жакшы” же “канааттандырарлык абал” түзүлгөн деген бүтүмгө келди.
2022-жылдагы индексте Кыргызстан алдыңкы 100 өлкөнүн катарына кирген Борбор Азиядагы жалгыз мамлекет болгон.

Эксперттер акыркы учурдарда ММК өкүлдөрүнө, сөз эркиндигине карата басым, кысымдар болуп жатканын айтып келишет. Ал эми «Азаттык Медианын» ишмердигин токтотуу тууралуу райондук соттун чечими чыгып, “ПолитКлиника” басылмасы мамлекеттик телеканал менен соттошуп, кээ бир журналисттер ар кандай кылмыш ишине күнөөлүү деп табылып, айрым блогерлер камакта отурганы өлкөдөгү сөз эркиндигини абалы оор экенинен кабар берери белгиленген.

Ал эми бүгүн «Майдан» дебаттарында «Сөз эркиндигин ким, кандай түшүнөт?» деген теманын айланасында талкуу болмокчу.

«Майдандын» катышуучулары:

  • Өмүрбек Сатаев — медиа эксперт;
  • Айбек Турдалиев — медиа эксперт;
  • Руслан Акматбек — медиа эксперт;
  • Авланбек Жумабаев — медиа эксперт.
Количество просмотров: 1064