Саясий система өзгөрүүгө туш болгон: 2010-жылы шайлоо тоскоолу 5% түзгөн; 2015-жылы 7% түздү. Ушул жылдын январынан тартып күчүнө кирген 2017-жылда киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине өтүүнү каалаган партиялар шайлоо участокторуна келишкен жана добуш беришкен шайлоочулардын добуштарынын 9 пайыздан аз эмесин алууга тийиш. Эми депуттатар шайлоо тоскоолун 7% түшүрүү маселесин коомдук талууга чыгарышты.
Майдан дебаттарында: Шайлоо босогосу шайды оодарабы? деген темадагы талкуу жүрөт.
Дебаттын катышуучулары: Ишенбай Кадырбеков, саясий, коомдук ишмер. БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов. «Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов.