Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо аралаш система менен өттү. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңеште 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Шайлоого 21 партия жана бир мандаттуу округдан 287 талапкер катышты.
«Шайлоонун жыйынтыгы кайрадан нааразычылык жаратты» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары менен тааныштырып өтөлү: