Ысык-Көлдө өрүк бышкан мезгилде баасы жылдагыдан эки эсе арзандап, жергиликтүү тургундар түшүмүнөн пайда табал албай убара. Бул жактагы тургундардын негизги кирешеси да өрүктүн түшүмүнө байланыштуу экени белгилүү. Бул арада Ысык-Көлдө өрүк бышкан мезгилде Орусия менен Казакстанга жүк ташыган автоунаалардын тартыштыгы жаралды.
Бул сыңары маселелер учурда айыл чарба багытында эмгек кылган карапайым калктын көйгөйлүү маселелери болууда.
Бүгүн «Майдан» дебатында «Түшүм мол, баасы арзан. Элдин көйгөйүн ким чечет?» деген теманын тегерегинде сөз болмокчу.
«Майдандын» катышуучулары: