Соңку эки апта ичиндеги көчөдө ташталган ымыркайлардын окуясы коомдо кызуу талкууга алынды. Кыргызстанда акыркы эки күндө жаңы төрөлгөн наристени көчөгө таштап кеткен эки окуя катталды. Мындан он күндөй мурда да Бишкектин көчөлөрүнүн биринде желим баштыкка салынган ымыркай таштанды челектен табылган. Ымыркайларын таштап кетүүгө эмне себеп болуп жатат? Парламенттин айрым депутаттары Кыргызстанда таштанды балдардын маселесин чечүү үчүн бэйби-боксторду ачуу керектигин айтып келет. Бирок өкмөт өкүлдөрү буга муктаждык жок экенин белгилеген.
«Таштанды балдар. Көйгөйдү чечүү жолдору барбы?» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары: