Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна 34 жыл болду. 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан кийин кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген.
Быйыл 17-июлда президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон.
Ага ылайык мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Ошондой эле эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт.
Орусиянын тышкы иштер министри баш болуп, буга кескин реакция жасашты…
«Жарымы орусча, жарымы кыргызча. Тилге болгон мамиле» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:
Бегалы Токтогулов — Бишкек мамлекеттик университетинин окутуучусу;
Алтынбек Исмаилов — акын, котормочу;
Ибрагим Нуракун уулу — медиа эксперт;
Бурул Усманали — жарандык активист.