• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Майк Тайсон мушкер Макгрегор менен күч сынашууга даяр

30 Теке 2020 14:50 Бишкек Govori.TV

Майк Тайсон ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен күч сынашууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик массалык маалымат каражаттары жазышууда.

Маалыматка ылайык, Майк Тайсон менен Конор Макгрегордун беттешүү эрежелери бири-бирине дал келбейт.

«Эгерде биз бокстун эрежелери боюнча беттешкенде Конордун сазайын бермекмин», — дейт Майк Тайсон.

Эске сала кетсек, көп жылдык тыныгуудан соң Майк Тайсон профессионалдык рингге кайтаары айтылган. Ал дүйнөнүн мурунку чемпиону Рой Джонс менен 2020-жылдын 12-сентябрда күч сынашат. Беттеш Американын Калифорния штатында өтөт.

Майк Тайсон 2005-жылдан бери ринг аянтчасына чыга элек. Ал өзүнүн карьерасы боюнча 58 жолу рингге чыгып, 50 жолу утушка ээ болгон.

Количество просмотров: 77