Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жеке үйлөрдө жайгашкан жана мыйзамсыз ишкердик менен алектенген майнинг фермаларды табышты.
2020-2021-жылдары Д.М. жана А.А. аттуу адамдар үй ээлеринин макулдугусуз эле Чүй облусунда жана Бишкек шаарында үйлөрдү ижарага алып, ал жерге майнинг фермаларды орнотушкан. Ошол эле учурда алар “Түндүк электр” ААКнын электр тармактарына эсепке алуу приборлору жок туташтыруу менен электр энергиясын мыйзамсыз пайдаланышкан.
Электриктер зымдардын үстүнөн кабелди ыргытып, ал тургай ижарага алган үйлөргө трансформаторлорду орнотуп коюшкан.
Натыйжада «Түндүк электр» ААК 18 миллион сомдон ашык зыян тарткан.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мыйзамсыз майнинг иштетүүгө шектелгендерди кармады. Тергөөнүн жүрүшүндө Д.М. өзүнүн күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, А.Ага жабдыктар менен гана жардам бергендигин айтып, ижара акысын алып берген.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.