• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Майыптуулугу бар адамдарды ташыган Алиман

10 Аяк оона 202414:50 Бишкек Govori.TV


Майыптуулугу бар адамдар транспортто ары-бери жүрүү көйгөйүнө дайыма кабылып келет. Кесиби боюнча дарыгер Алиман Турдалиева майыптуулугу бар адамдарды машинеси менен ташып иштейт. Алиман кыйналып жаткан адамдарды көрсө, жөн карап отура албайт.

“Майыптуулугу бар адамдар жеке таксилерге түшсө кыйынчылыктарга тушугат” дейт.

Алиман Турдалиева айдаган машинеде мындай адамдарды ташууга бардык шарттар бар. Майыптуулугу бар адамдарга жөн гана жардам бербестен, зарыл учурда медициналык да жардам көрсөтө аларын кошумчалады.

Количество просмотров: 130