Максат Сабиров, ЖК депутаты: “2 миң сомдук айлыктар бар, Өкмөт аны айтпайт…”
Максат Сабиров, ЖК депутаты: “2 миң сомдук айлыктар бар, Өкмөт аны айтпайт…”
15 Бирдин айы 2018 11:55 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.02. 2018. Govori.TV
“Өкмөт учурда орточо айлык маяна 15 миң сомго жетти, ал тургай айрым акционердик коомдогу кызматкерлер 70 миң сомго чейин жетти деп мактануу менен айтып жатат. Бирок, эмнеге бүгүн 1,5-2 миң сом айлык алаган адамдар бар экендигин айтпайт? Анткени, уялат.”. Бул сөздү Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров парламенттеги индексация боюнча мыйзам долбоорун каралып жатканда айтты.
Ал белгилегендей, Кыргызстанда азыркы шартта таза суу, ирригациялык системалар, суу сактагычтарда, бала бакчалар менен ооруканаларда иштеген жүздөгөн кызматчылар эң төмөнкү айлык менен иштеп жатышат. “Биз, алты жыл мурун эле бул маселени көтөргөнбүз, ошондо эле керектүү 3 млрд. сом жок, бирок, чечебиз деген убада берген. Бирок, азыр дагы каражат жок деп алаканын жаюуда. Биз, бул мыйзам менен баардык бюджеттик кызматкерлердин айлыгын көтөргүлө дегенибиз жок, болгону жашоо минимумунан аз айлык маяна алган, 0, 25 ставка менен иштегендердин айлыгын көтөрүп, 4,5-5 миңче чыгарып койгула деп жатабыз. Өкмөт Конституциядагы милдетин аткарып, жарандарга жеткиликтүү шартты түзүшү керек”,-деди эл өкүлү.
Эске сала кетсек, өкмөттүн парламенттеги өкүлү бул мыйзамды артка кайтаруу позициясында турат.
“GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрүп жатат. Ага Ош, …