• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Максим Лисицын: Биздин футболчулар  беттешке даяр деп ишенем 

19 Жетинин айы 20248:57 Бишкек Govori.TV

18-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын менен улуттук кураманын оюнчусу Алимордон Шүкүровдун катышуусунда оюн алдындагы маалымат жыйыны өттү.

Максим Лисицын өз сөзүндө улуттук курама Бириккен Араб Эмираттарына каршы конокто оор жана ийгиликсиз беттеш өткөогөнүн белгиледи.

«Өзүңүздөр билгендей эле конокто оор жана ийгиликсиз беттешти өткөрдүк. Ошондуктан биздин негизги милдет балдарды физикалык жактан калыбына келтирүүдөн тышкары, аларды психологиялык жактан кайра шыктандырууга жана боло турган өтө оор беттешке даярдоого аракет кылуу. Эртең бизди күчтүү курама команда, мыкты футболчулар менен беттеш күтүүдө. Биздин футболчулар бул тирешүүгө даяр деп ишенем!», — деди ал.

Эскерте кетсек, эртең, 19-ноябрда Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоонун 3-турунун алкагында тайпадагы эң күчтүү атаандаштардын бири болгон Иран курама командасы менен беттешет.

Количество просмотров: 112