• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Мал уурдап бара жаткан эки жаран кармалды

1 Баш оона 2023 18:07 Бишкек Govori.TV

Милиция кызматкерлери мал уурдап бара жаткан эки жаранды кармады. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын Кадамжай району менен чектешкен Кара-Козу айылындагы талаадан 29-июлунан 30-июлга караган түнү 3 баш жылкы, 3 баш бодо малды белгисиз эки жаран унаага жүктөп алып кетип жаткан жеринен кармалды.

«Текшерүү иштеринин алкагында уурдалган малдар Ноокат районунун Ынтымак айылынын тургундарына тиешелүү экендиги жана мал уурулукка шектелип кармалган эки жаран мурда сот жообуна тартылган Кадамжай районунун Уч-Коргон айылынын 29 жаштагы Н.А. жана 34 жаштагы М.У. аттуу тургундары экендиги аныкталды»,-деп жазылат маалыматта.

Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, окуя болгон аймак Кадамжай районунун аймагына киргендиктен, кылмыш иши Кадамжай РИИБне өткөрүлүп берилди.

Кылмышка шектелип кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 148