• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Малын жетелеп кеткен. Чүйдө алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

13 Үчтүн айы 2022 10:59 Бишкек Govori.TV

Чүйдө алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын сентябрь айында Аламүдүн районунун ИИБүнө О.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2021-жылдын апрель айында чала тааныш киши анын ишенимине кирип, бир баш бодо малын 78 миң сомго баалап алып кеткен. Акчасын үч күндүн ичинде кайтарып берүүнү убада кылып, арыздануучуга башка бирөөнүн атындагы автоунаанын документин таштап кеткен боюнча белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

«Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чараларынын натыйжасында шектүнүн өздүгү аныкталган. Ал Жала-Абад облусунун аймагында жашган М.А. экендиги аныкталып, акыркы үч жылдан бери туруктуу жашаган жери жок экендиги такталган. 2021-жылдын 24-декабрь күнү ага сыртынан айып тагылып, камакка алуу чечими кабыл алынган. Жүргүзүлгөн иш-чараларынын натыйжасында үстүбүздөгү жылдын 11-январь күнү жогорудагы алдамчылык фактысынын негизинде М.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды»,-деп айтылат маалыматта.

Териштирүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 153