• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Мамбетжунушева Мамлекеттик бажы кызматынын төрайымы болуп дайындалды

14 Тогуздун айы 202011:06 Бишкек Govori.TV

Мамбетжунушева Элнура Рыскелдиевна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрайымы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров кол койду, — деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Мындай чечим Матраимовдордун үй-бүлөсүнө тийиштүү жактарды бажы органдарындагы иштен бошотуу жана алар орноткон коррупциялык схемаларды жоюу максатында кабыл алынды.

Башка буйрук менен Торутаев Алтынбек Элимович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду

Количество просмотров: 37