• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Мамэкотехинспекция: «Джунда» мунай иштетүүчү ишканасы тарабынан жер тилкелери мыйзам бузуу менен талкаланууда

15 Жалган куран 2018 16:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек.15.03.2018.Govori.TV
«Джунда» мунай иштетүүчү ишканасы тарабынан жер тилкелери мыйзам бузуу менен талкалананып жатканын   Мамэкотехинспекциянын  басма сөз кызматы билдирди.

Фото Чынгыза Абдымалик Уулу.

Тагыраак айтканда, аталган ишкана эч кандай уруксааты жана атайын долбоору жок, өз билемдик менен ири аянттагы жерди сүрдүрүп салган. Муну менен аталган жерлердин түшүмдүү катмары талкалаган. Инспекторлордун айтымында, Джунда ишканасы өз билемдик менен жер кыртышын бузуп, муну менен КРнын Жер кодексинин мыйзамдарын одоно бузууда. Сүрдүрүлгөн жер тилкесинин жарамдуулугу жоголуп, ондогон жылдар бою өсүмдүктөрдүн өсүүсү мүмкүн болбой калаарын адистер кошумчалайт.

Джунда мунай иштетүүчү ишканасынын КРнын мыйзамдарын одоно бузуусу боюнча Мамэкотехинспекциянын адистери жеринде тийиштүү кагаздарды толтуруп, талкаланган жердин аянтын эсептеп, материалдарды тийиштүү органдарга өткөрүп берүү аракетин көрүүдө. Териштирүүнүн жыйынтыгы менен Джунда ишканасына Мамэкотехинспекция тарабынан мыйзам чегинде тийиштүү чаралар көрүлөт.

Фото Чынгыза Абдымалик Уулу.

Кошумчалай кетсек, Джунда ишкананын жерлерди талкалап, өз билемдик менен иштерди жүргүзүп жатканы биринчи жолу эмес.

Фото Чынгыза Абдымалик Уулу.

Фото Чынгыза Абдымалик Уулу.

Количество просмотров: 24