Мамэкотехинспекциясынын басма сөз катчысын жалгыз пикетке чыккандыгы үчүн кызматтан кетиришти
Мамэкотехинспекциясынын басма сөз катчысын жалгыз пикетке чыккандыгы үчүн кызматтан кетиришти
23 Баш оона 2018 12:47 Бишкек Govori.TV
Бишкек.23.08.2018.Govori.TV.
Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын басма сөз катчысын жалгыз пикетке чыккандыгы үчүн кызматтан кетиришти. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, басма сөз катчынын мындай кадамга барышына эмне себеп болгону белгисиз. Ал окуя болгон маалда эмгек өргүүсүндө жүргөн.
Анара Мамбеталиева директордун буйругу менен 15-августта кызматтан кеткендиги тастыкталды.
Ал эми Мамбеталиева Facebook баракчасына аталган инспекциянын айрым кызматкерлери жемкорлукка аралашкан деп жазып чыккан.
“GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрүп жатат. Ага Ош, …