Айрым мамлекеттик органдар ата мекендик жана чет элдик бизнестин өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.
Өлкө башчы 2019-жылдын аягында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын 6 кызматкери коррупцияга тиешеси бар деген шек менен кармалганын эске салды.
«Алардын арасында жетекчи бар болгону аз келгенсип, алар ишкерлерден, биздин жарандардан ири суммадагы акча опузалап талап кылган. Маалыматка ылайык, ишкерлерден пара талап кылууга аталган инспекциянын башкармалыгындагы дээрлик бардык адамдар катышкан. Кылмышка шектелип кармалгандар Мамэкотехинспекциянын жетекчилиги менен бирге бир кабатта иштешкен», — деди президент.